Кыргызстан Дүйнөдөгү басма сөз эркиндигинин индексинде 7 баскычка көтөрүлдү

Кыргызстан Дүйнөдөгү басма сөз эркиндигинин индексинде 7 баскычка көтөрүлдү

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун “Дүйнөдөгү басма сөз эркиндигинин индекси-2022” аттуу баяндамасында Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен жети баскычка алдыга жылып, 72-орунду ээледи.

Уюм 2022-жылдын индексин баалоо ыкмасы өзгөргөнүн, жаңы беш көрсөткүч — саясий контекст, укуктук база, экономикалык контекст, социалдык-маданий контекст жана коопсуздук пайда болгонун белгиледи.

Методология өзгөргөнүнө байланыштуу 2021 менен 2022-жылдагы позицияны жана баллдарды салыштырууда этият болуу сунушталган.

Өткөн айда Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы тууралуу билдирүү жасады. Анда акыркы айларда кыргыз бийлиги журналисттерге, эркин медиага карата куугунтукту күчөткөнү айтылат.

Буга Next TV телеканалы, Kaktus.media сайты жана иликтөөчү журналист Болот Темиров менен аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровдун айланасындагы окуялар, кылмыш иштеринин козголушу, камакка алуу, тинтүү учурлары мисал келтирилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>