11-апрелден тарта Бишкектин бир нече көчөлөрүндө таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Алар төмөнкү көчөлөр:
— Ала-Арча дарыясы — темир жол линиясы — Жибек Жолу пр. — Жаш Гвардия бульвары;
— Жаш Гвардия бульвары – темир жол линиясы – Фрунзе — Манас пр.;
— Д. Сяопин пр. – Ала-Арча дарыясы – Бөкөнбаев көч. — Кулиев көч.- Москва көч.-Фучик көч. – Казаков көч.
Саат 9:00дөн 22:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге суу берилбейт.
Мэрия «Запад-2» суу алгычын жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерин жүргүзөт.