«Ош» аэропортунун жаңы терминалы 2026-жылдын аягына чейин курулуп бүтүшү керекКыргыз мамлекеттик куурчак театры ноябрь айындагы репертуарын жарыяладыЧүй облусундагы 30 мектепке экологиялык таза жылытуу системалары орнотулатКыргызстандык Кубаныч Арынов АКШда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль жеңдиБишкектен шаар сыртына каттаган таксилер эми Чыгыш автобекетинен жөнөйтЖилмассивдерди массалык газдаштыруу 2028-жылдан эрте башталбайт — Маматалиев
Бишкекте жеңил атлетика боюнча өлкө чемпионаты өтөт
07.04.2024 | 18:06
Бишкекте эркектер жана кыз-келиндер арасында жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Жарыш 27-28-апрель күндөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтүп, ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Катышуучулар төмөнкү аралыктарга чуркашат:
– эркектер — 100,200, 400, 800, 1500, 5000 м (400 м ядро ыргытуу, бийиктикке жана узундукка секирүү, найза атуу):
– кыз-келиндер — 100, 200 400, 800, 1500, 5000 м (400 м ядро ыргытуу, бийиктикке жана узундукка секирүү, найза атуу):
– эстафеталык жарыштар (Mix) — 200, 400 м.
Чемпионат Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт