Шаршенбековдун эзелки атаандашы Олимпиадага жолдомо алды

Шаршенбековдун эзелки атаандашы Олимпиадага жолдомо алды

Азербайжандын борбору Бакуда 5-7-апрелде Европадагы Олимпиадалык лицензиялык мелдеш өттү. Анда грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшүнөн финалга чыккан экиден балбан Олимпиада оюндарына жолдомого ээ болду.

Бул мелдеште кыргызстандык грек-рим балбаны Жоламан Шаршенбековдун (60 кг) Олимпиададагы дагы эки атаандашы белгилүү болду. Бири — молдовалык Виктор Чобану, экинчиси түркиялык Энес Башар болду.

Аталган эки балбандын ичинен Виктор Чобану Шаршенбековдун эски атаандашы болуп саналат. Буга чейин ал экөө үч жолу беттешкен. Алгач эки спортчу 2020-жылы Дүйнө кубогунун чейрек финалында кез келген. Анда Шаршенбеков 8:0 эсебинде жеңишке жеткен. Кийинки беттеш 2021-жылы Токиодогу Олимпиаданын чейрек финалында болгон. Ал кармашта Чобану Шаршенбековду 0:9 эсебинде жеңген.

Эки балбан үчүнчү ирет ошол эле жылы дүйнө чемпионатынын финалында күч сынашкан. Ал беттеште Шаршенбеков 3:9 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан. Андан бери Шаршенбеков менен Чобану күрөшө элек. Эми эки спортчу Париждеги Олимпиада оюндарында кайра күрөшүп калышы толук мүмкүн.

Виктор Чобану жана Энес Башар

Париждеги Олимпиадага 60 кг салмакта жолдомо алган балбандар:

1. Кыргызстан — Жоламан Шаршенбеков (дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022-2023-жыл) жана эки жолу күмүш байгенин ээси болгон (2018, 2021-жыл), Азиянын эки жолку чемпиону (2022-2023-жыл) жана эки жолу күмүш уткан (2018, 2020-жыл), Азия оюндарынын жеңүүчүсү (2023-жыл)

2. Япония — Кеничиро Фумита (Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси (2020), дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2017, 2019-жыл) жана күмүш менен коло байгелеринин ээси (2023, 2022-жыл), Азиянын эки жолку чемпиону (2017, 2020-жыл) жана коло байгесинин ээси)

3. Кытай — Лигуо Као (2023-жылы дүйнө жана Азия чемпионаттарында коло уткан)

4. Өзбекстан — Исломжон Бахромов (2023-жылы дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болгон, Азия чемпиону (2019-жыл) жана эки жолу коло тагынган (2018, 2020-жыл)

5. Иран — Мехди Мохсен Нежад (Азия чемпионатында эки жолу күмүш (2021-2022-жыл) жана бир ирет коло (2020-жыл) уткан)

6. Венесуэла — Райбер Родригез Орозчо (Пан-Америка чемпионатында бир ирет алтын (2024-жыл), эки жолу коло уткан (2016, 2023-жыл), 2022-жылы Түштүк Америка оюндарында жана 2023-жылы Пан-Америка оюндарында коло уткан

7. Куба — Кевин Ди Армас Юран (2023-жылы Пан-Америка чемпионатында коло, Пан-Америка оюндарында күмүш тагынган)

8. Алжир — Абделкарим Фергат (Африканын 4 жолку чемпиону (2018, 2019, 2020, 2022-жыл), Африка оюндарынын коло байге ээси (2024-жыл).

9. Египет — Моамен Ахмед Раби Мохамед (Африканын 1 жолку чемпиону (2019-жыл), Африка оюндарынын жеңүүчүсү (2024-жыл)

10. Молдова — Виктор Чобану (дүйнө чемпиону (2021-жыл), бир ирет күмүш уткан (2018-жыл), Европанын бир жолку чемпиону (2019-жыл), 3 ирет күмүш уткан (2014, 2023 жана 2024-жыл), Европа оюндарынын коло байге ээси (2019-жыл)

11. Түркия — Энес Башар (дүйнө чемпионатынын (2023-жыл) жана Европа биринчилигинин коло байге ээси (2018-жыл)

Азырынча Шаршенбековдун Олимпиададагы 10 атаандашы белгилүү болду. Дагы экөө Бишкектеги Азиялык жана үчөө Стамбулдагы дүйнөлүк лицензиялык мелдеште аныкталат. Олимпиада оюндарында ар бир салмакта 16дан спортчу күч сынашат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>