Бишкекте жолдорду кеңейтүү: 13 тилкенин ээсине 40,7 млн сом бөлүндүБишкекте жасалма интеллект, финансы жана блокчейн боюнча эл аралык форум өтөтМанас шаарында курулуп жаткан жаңы муниципалдык базар декабрда ишке берилетКыргызстан менен Вьетнамдын курамалары бүгүн жолдоштук беттеш өткөрөтКыргызстандын эл артисти Роза Аманова Түркияда эл аралык сыйлыкка татыдыМинистрлер Кабинети парламентке 2027-жылдын бюджетинин долбоорун тааныштырды
Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт
08.04.2024 | 09:00
11-апрелден тарта Бишкектин бир нече көчөлөрүндө таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Алар төмөнкү көчөлөр:
– Ала-Арча дарыясы – темир жол линиясы – Жибек Жолу пр. – Жаш Гвардия бульвары;
– Жаш Гвардия бульвары – темир жол линиясы – Фрунзе – Манас пр.;
– Д. Сяопин пр. – Ала-Арча дарыясы – Бөкөнбаев көч. – Кулиев көч.- Москва көч.-Фучик көч. – Казаков көч.
Саат 9:00дөн 22:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге суу берилбейт.
Мэрия “Запад-2” суу алгычын жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерин жүргүзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом