1-апрелден тарта Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылатБашка өлкөлөрдө жүк ташуу үчүн КР айдоочуларына эл аралык айдоочулук күбөлүк керекАлтымышев көчөсүндөгү курулуштар буздурулуп, Ала-Арча дарыясынын жээги бошотулдуӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев Азербайжанга иш сапары менен баратКыргызстанда соттук экспертиза тутуму реформаланатБишкекте ордо боюнча биринчи жолу клубдар аралык чемпионат өтүүдө
Бишкектин бир бөлүгүндө газ үч күнгө өчүрүлөт
31.03.2026 | 15:16

Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө 1-3-апрелге чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Бишкекгаз» кызматы маалымдады.
Газ берүү жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта өчүрүлөт:
- Жантөшев көчөсү;
- Байтик Баатыр көчөсү;
- Лев Толстой көчөсү;
- Кара-Дарыя көчөсү;
- Горький көчөсү;
- Жукеев-Пудовкин көчөсү.
Ошондой эле чектөөлөр «Кыргызавтомаш» заводуна, макарон цехине, «Жыргал» жана «Байтур» мончолоруна тиешелүү болот.
«Бишкекгаз» ишканасы абоненттерге газ өчүрүлгөн мезгилде энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом