Бишкектин бир бөлүгүндө 26-сентябрда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Суу Панфилов көчөсү — Манас проспектиси — Фрунзе көчөсү — темир жол линиясы менен чектелген бөлүктө саат 09:00дон 21:00го чейин жок болот.
Таза суунун өчүрүлүшү «Тоголок Молдо» суу кампасында жана шаардагы куурларды оңдоо иштери менен байланыштуу.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана аталган райондун тургундарын таза сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.