Садыр Жапаров Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасы Чжао Лэцзи менен жолугуштуVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы жана жабылышы Бишкектеги жаңы стадиондо өтөтКытай парламентинин төрагасы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу менен тааныштыСалык кызматынын төрагасы «Кока-Кола» заводуна бардыУКМК: «Таластын смотрящий баласы» видеосундагы жаран кылмыштуу топко тиешеси жокОштогу малды жасалма уруктандыруу пунктары жабдуулар менен камсыздалды
Бишкектин көчөлөрүнүн атын өзгөртүүгө тыюу 10 жылга узартылды
05.10.2023 | 13:15
Бишкектеги көчө, аянт, аллея, жаңы конуш, сейил бак жана парктардын атын өзгөртүүгө киргизилген мораторий мөөнөтү дагы он жылга узартылды. Бул тууралуу бүгүн шаардык кеңеш чечим кабыл алды.
Депутаттар токтомду талкуусуз кабыл алышты.
Эскерте кетсек, Бишкек шаардык кеңеши аталган мораторийди 2013-жылы кабыл алган.
Ордо кааланын төрт районунун аталышын өзгөртүү боюнча сунуш көптөн бери айтылып келет. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев дагы демилгени колдогон. Инициаторлордун пикиринде, Бишкектин калктуу конуштары кыргыз элине эмгек сиңирген инсандардын атын алып жүрүшү керек.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом