Рамзан Кадыровду сындаган активист Кыргызстанда соттолду

Рамзан Кадыровду сындаган активист Кыргызстанда соттолду

УКМК тарабынан кармалган чеченстандык активист Мансур Мовлаев 6 айга соттолду. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Мовлаев Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүгү (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, 6 айга соттолгон. Сот өкүмү 4-октябрда чыккан. Анын жаза мөөнөтү 20-августтан тарта эсептелип, сот өкүмү чыкканга чейин камакта отурган ар бир күнү эки күн деп эсептелген.

Ошондой эле анын камактагы мөөнөтү (21-октябрга чейин) өзгөртүүсүз калтырган.

Мовлаевге карата сот өкүмү күчүнө кирип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин ал эл аралык келишимдерге ылайык Кыргызстандан депортацияланат.

VC.RU сайтындагы маалыматка ылайык, Мансур Мовлаев — Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыровдун бийлигин сындаган активисттердин бири. Ал 2020-жылы саясий-диний негизде жана бийликти сындаганы үчүн жасалма иш боюнча 3 жылга соттолуп, 2022-жылы эркиндикке чыккан. Бирок андан кийин полициянын кызматкерлери тарабынан «уурдалып», алардан качып кетүүгө жетишкен.

Кыргызстандык укук коргоочулар билдиргендей, Мансур Мовлаев Россияда кыйноого кабылып келген. Ал кыйноого кабылышы мүмкүн болгондуктан Кыргызстан БУУнун мүчөсү катары аны Россияга экстрадициялабашы керек.

УКМКнын маалыматы боюнча, 28 жаштагы Мовлаев — радикалдык идеологияны карманган адам. Ал 2022-жылдын 16-августунда Россия тарабынан мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Шектүү 20-августта Ысык-Көлдө кармалган.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Мовлаев Кыргызстанга Сириядагы эл аралык диний-экстремисттик уюмдун эмиссарларынын көрсөтмөсү менен келип, аталган уюмдун өлкөдөгү «көмүскө» тобуна кирген мурда соттолгон жарандары менен бирге колунда бар адамдарды карактоону көздөгөн. Каракталган акча диний-экстремисттик уюмду каржылоого жумшалмак.

«Кармалган жаран 2023-жылдын январь айында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, 1993-жылдын 21-декабрында туулган С.И.В. аттуу Россиянын жаранынын атындагы жасалма паспортту колдонуп, Кыргызстандын аймагында жүргөн», — деп билдирген УКМК.

УКМК кармаган чеченстандык активист 2 айга камалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>