Сүйүмбаев көчөсүндөгү No144 үйдүн тургундары No4 мектеп гимназиясы менен үйүнүн ортосундагы сейил бак эс алуу аймагында башталган курулушка нааразы болушууда.
Алардын айтымында, алар объект курууга ниеттенип жаткан жерде бак-дарактар кыйылган. Тургундар мектеп жана сейил бак аймактарында курулуш иштери башталганын айтууда.
«Биз ар кандай курулуштарды тургузууга каршыбыз. Бул иштер Сүйүмбаевдин тез тамактануучу жайлары бузулгандан кийин эле башталган», — деп кайрылышууда имараттын тургундары Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров менен вице-мэр Виктория Мозгачевага.