Бишкек шаарынын тургунун 15 миң долларга алдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка караганда, шектүү 2023-жылдын август айында көмүр кени бар экенин айтып, шаар тургунан 15 миң доллар алган. Ал акчага 700 тонна көмүр жеткирмек.
Убадасын аткарбаган жаранга алдамчылык айыбы менен иш козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз