НАТО Европада 40 жылдагы эң ири аскердик машыгуусун өткөрөт

НАТО Европада 40 жылдагы эң ири аскердик машыгуусун өткөрөт

Түндүк атлантикалык альянс (НАТО) Европада акыркы 40 жылдагы эң ири аскердик машыгуусун январь айында баштайт. Ага уюмдун жана Швециянын 90 миңге жакын адамы, учактары жана кемелери катышат.

Мурдараак машыгууга 40 миңдей адам катышары айтылган.

“Туруктуу коргоочу” машыгуусу Германия, Польша жана Балтика өлкөлөрүндө өтөт. Америкалык маалымат каражаттары аскерлер орус баскынчылыгына каршы коргонуу сценарийин аткара турганын жазышкан.

Reuters НАТОнун Европадагы биргелешкен күчтөрүнүн башкы колбашчысы Кристофер Каволининге шилтеме берүү менен машыгуунун жүрүшүндө альянс Түндүк Америка күчтөрүн Атлантика аркылуу өткөрүү менен евроатлантикалык зонаны чыңдоо мүмкүнчүлүгүн көрсөтөрүн жазды.

2023-жылы НАТО өлкөлөрү Европада альянстын тарыхындагы эң ири аба машыгууларын өткөрүшкөн. Көптөгөн батыш саясатчылары, анын ичинде АКШ президенти Жо Байден Орусия Украинадагы согушта ийгиликке жетсе, биримдиктин өлкөлөрүнүн бирине кол салышы мүмкүн деген пикирин ортого салган.

Путин Орусиянын НАТО өлкөлөрү менен согушуу ниети жоктугун айткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>