Бишккекте 13 ата-энеге 13 миң сом айыппул салынды

16.11.2023 | 16:43

Бишкекте Ленин райондук милициянын кызматкерлери “Камкордук” аталышында профилактикалык иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара 14-16-ноябрь күндөрү борбор калаанын Ленин районунда өткөрүлүүдө. Рейд тилемчилик кылган адамдарды, селясаяктарды жана түнүндө ата-энесинин коштоосусуз жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо максатында уюштурулган.

Рейд учурунда түндө ата-энесинин коштоосусуз жүргөн 49 өспүрүм милицияга жеткирилген. Алардын ичинен 15 бала ИИМдин Өспүрүмдөр арасында мыйзам бузууларды алдын алуу борборуна катталып, 34 бала ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Ошондой эле 13 ата-энеге Укук бузуулар кодексинин 74-беренеси (Балдардын ден соолугуна, дене-бойлук, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын бузуу) жана 102-беренеси (Ата-энелик милдеттерден качуу) боюнча протоколдор түзүлүп, жалпы 13 миң сом айыппул салынган.

[image_carousel source=”media: 201437,201438″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top