Соцфонд жумушсуз калгандарга үч ай 8 миң сомдон төлөп берет. Акчаны кантип алса болот?

Соцфонд жумушсуз калгандарга үч ай 8 миң сомдон төлөп берет. Акчаны кантип алса болот?

Социалдык фонд жумушсуз калган жарандар Топтомо фондундагы эсебинен кантип акча алса болорун айтып берди.

Белгилүү болгондой, 2022-жылдын июнь айынан тарта, иштеп жатканда, Соцфондго акча чегерген жарандарга жумушсуз калган учурда 3 айга акча төлөнө баштаган. Акча жумушсуз калган жаранга Соцфонддогу Топтомо фондундагы акчасынын эсебинен берилет. 2022-жылдын июнь айынан тарта ишсиз калган 749 адамга акча төлөнгөн.

Соцфонддон Reporter.kg’ге билдиришкендей, төлөнө турган акчанын суммасы Улуттук статистика комитети белгилеген бир айлык жашоо минимумуна (эмгекке жарамдуу жарандар үчүн) жараша аныкталат. Учурда Соцфонд жумушсуз калган жарандарга 8 миң 25 сомдон төлөп жатат. Бул сумма жашоо минимуму өзгөргөнүнө жараша көбөйүп турат.

Аталган акчаны алыш үчүн жарандар жашаган дареги боюнча Социалдык фонддун райондук бөлүмүнө кайрылуусу керек.

Керектелүүчү документтер:

  • өздүгүн тактоочу документ;
  • расмий жумушсуз макамы жөнүндө күбөлүк;
  • карта эсеби үчүн банктык көчүрмө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: соцфонд

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>