Бишккекте 13 ата-энеге 13 миң сом айыппул салынды

Бишккекте 13 ата-энеге 13 миң сом айыппул салынды

Бишкекте Ленин райондук милициянын кызматкерлери «Камкордук» аталышында профилактикалык иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара 14-16-ноябрь күндөрү борбор калаанын Ленин районунда өткөрүлүүдө. Рейд тилемчилик кылган адамдарды, селясаяктарды жана түнүндө ата-энесинин коштоосусуз жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо максатында уюштурулган.

Рейд учурунда түндө ата-энесинин коштоосусуз жүргөн 49 өспүрүм милицияга жеткирилген. Алардын ичинен 15 бала ИИМдин Өспүрүмдөр арасында мыйзам бузууларды алдын алуу борборуна катталып, 34 бала ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Ошондой эле 13 ата-энеге Укук бузуулар кодексинин 74-беренеси (Балдардын ден соолугуна, дене-бойлук, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын бузуу) жана 102-беренеси (Ата-энелик милдеттерден качуу) боюнча протоколдор түзүлүп, жалпы 13 миң сом айыппул салынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>