Жарандарды начар тейлеген мамлекеттик мекемелерге айыппул салынат

Жарандарды начар тейлеген мамлекеттик мекемелерге айыппул салынат

Жарандарга ыкчам жана талапка ылайык кызмат көрсөтө албаган мамлекеттик мекемелерге айыппул салынат. Бул тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев коомдук талкууга сунуштады.

Ал «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» мыйзамына жана Укук бузуулар кодексине өзгөртүүнү демилгелейт.

Депутат мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты начардыгын белгилейт. Анын айтымында, мекемелер регламентти жана стандартты так сактабайт.

Марат Мураталиев айрыкча Салык кызматынын райондук бөлүмдөрүндө узун кезек түзүлүп калып жатканын белгилейт.

«Жарандарды тейлей турган терезелердин жарымы иштеп, калганы жабык турат. Кызмат көрсөтүүнүн убакыты так чектелбегендиктен таймер орнотуу зарыл», — дейт эл өкүлү.

Марат Мураталиев мындай учурда жеке жактарга — 10 миңден  150 миң сомго чейин, юридикалык жактарга – 60 миңден  650 миң сомго чейин айыппул салууну сунуштайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>