Болотбек Борбиев Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды

08.04.2022 | 17:30

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Борбиев Болотбек Ибраимович Америка Кошмо штаттарынын Чикаго шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу болуп дайындалды.

РЕЗЮМЕ

1967-жыл-24-апрелде  Жалал-Абад облусу, Токтогул районунда туулган.

Үй-бүлөлүү, үч балалуу.

1991-жылы – Фрунзе политехникалык институтунун курулуш факультетин аяктаган. Адистиги – автомобиль жолдору, квалификациясы – инженер-куруучу.

1996-жылы – Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетинин юриспруденция адистиги.

Эмгек жолу:

1985-1986 — СССРдин Куралдуу  күчтөрүнде кызмат өтөгөн. Белоруссияда танка аскерлеринин курамында курсант, танкалык окуу отрядынын командири, танкалык окуу взводунун командиринин орун басары болуп кызмат өтөгөн.

1991-1993 – Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгы, Мамлекеттик автоинспекциясынын жол кыймылын уюштуруу бөлүмү, инженер.

1993-2001 – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автоинспекциясынын жол кыймылын уюштуруу башкармалыгы, улук инженер.

2001-2002 – Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгы, Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын башкармалыгы, начальниктин орун басары.

2002-2005 – Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы, Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын бөлүм башчысы.

2005-2006 – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин  Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги.

2006-2007 – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын башкармалыгынын жол күзөт кызматынын жана жол көзөмөлүнүн ишин координациялоону уюштуруу бөлүмүнүн жол көзөмөлдөө боюнча улук инспектору.

2007-2008 – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын бөлүм башчысынын орун басары.

 

2008-2010 – Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы.

 

2010-жылы  Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри.

 

 

 

Scroll to Top