Биз общяктанбыз! Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды (ВИДЕО)

Биз общяктанбыз!  Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды (ВИДЕО)

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү колго түштү. Бул туурасында Жалал-Абад облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 31-март күнү саат 03:00 чамасында Өзбекстандын 49 жаштагы жаранын убактылуу Жалал-Абад шаарында жашаган үйүндө уктап жаткан жеринен белгисиз жарандар киришип, «Биз общяктанбыз» деп коркутуп ноутбук жана уюлдук телефонун алып, өзүн автоунаа менен талаага алып барып уруп, «50 миң сом ачка таап бересиң» деп кайра үйүнө таштап кетишкен.

Бул факт Жалал-Абад  факты боюнча 208-беренесинде (Опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы окуяга шектелип, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган Жалал-Абад шаарынын 1996-ж.т. тургуну М.А. жана анын шериги Сузак районунун 1997-ж.т. тургуну Ш.М. кармалышып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>