Болотбек Борбиев Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды

Болотбек Борбиев Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Борбиев Болотбек Ибраимович Америка Кошмо штаттарынын Чикаго шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу болуп дайындалды.

РЕЗЮМЕ

1967-жыл-24-апрелде  Жалал-Абад облусу, Токтогул районунда туулган.

Үй-бүлөлүү, үч балалуу.

1991-жылы – Фрунзе политехникалык институтунун курулуш факультетин аяктаган. Адистиги – автомобиль жолдору, квалификациясы – инженер-куруучу.

1996-жылы – Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетинин юриспруденция адистиги.

Эмгек жолу:

1985-1986 — СССРдин Куралдуу  күчтөрүнде кызмат өтөгөн. Белоруссияда танка аскерлеринин курамында курсант, танкалык окуу отрядынын командири, танкалык окуу взводунун командиринин орун басары болуп кызмат өтөгөн.

1991-1993 — Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгы, Мамлекеттик автоинспекциясынын жол кыймылын уюштуруу бөлүмү, инженер.

1993-2001 – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автоинспекциясынын жол кыймылын уюштуруу башкармалыгы, улук инженер.

2001-2002 — Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгы, Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын башкармалыгы, начальниктин орун басары.

2002-2005 — Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы, Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын бөлүм башчысы.

2005-2006 — Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин  Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги.

2006-2007 — Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын башкармалыгынын жол күзөт кызматынын жана жол көзөмөлүнүн ишин координациялоону уюштуруу бөлүмүнүн жол көзөмөлдөө боюнча улук инспектору.

2007-2008 — Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын бөлүм башчысынын орун басары.

 

2008-2010 — Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы.

 

2010-жылы  Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри.

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>