“Борбор Азия – Кытай” саммити: Соодадан маданиятка чейинки 13 документке кол коюлду

“Борбор Азия – Кытай” саммити: Соодадан маданиятка чейинки 13 документке кол коюлду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан “Борбор Азия – Кытай” Экинчи Саммитине катышты. Саммиттин жүрүшүндө мамлекет башчылары стратегиялык мүнөздөгү бир катар маанилүү документтерге кол коюшту.

Негизги документтер:

  • Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык тууралуу келишим;
  • Саммиттин расмий жыйынтыгы болгон “Астана декларациясы”.

Мындан тышкары төмөнкү тармактар боюнча макулдашууларга кол коюлду:

Өнөр жай жана маалыматтык технологиялар:

Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнөр жай органдары менен Кытайдын тиешелүү министрлиги кызматташат.

 Соода жана экономика:

— Соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүү планы;

— Соодадагы тоскоолдуктарды азайтуу боюнча өз ара түшүнүшүү;

— “Жашыл минералдар” тармагында инвестициялык кызматташтык.

Транспорт жана логистика:

— “Кытай – Борбор Азия – Европа” темир жол каттамдарын өнүктүрүү;

— Эл аралык жүк ташуу уруксаттарын жөнөкөйлөтүү;

— Транспорт жаатындагы гуманитардык кызматташтык.

“Бир алкак, бир жол” демилгеси:

Аны сапаттуу ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди.

Бажы кызматташтыгы:

— Бажы тобокелдиктерин башкаруу боюнча макулдашуу;

— Интрузивдик эмес текшерүү жана сүрөттөрдү интеллектуалдык таануу боюнча техникалык кызматташтык.

Маданий жана гуманитардык байланыштар:

— 2025–2026-жылдарга карата биргелешкен иш-чаралар программасы;

— Жарандардын өз ара сапарларын жеңилдетүү демилгеси.

Мындан тышкары, Кыргызстандын борбору Бишкек менен Кытайдын Сычуань провинциясы боордош шаарлар болуп жарыяланды.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>