Аба ырайынын жылышы менен борбор калаада бир жылдык гүлдөрдү отургузуу иштери кызуу башталды. «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын адистери шаардын көчөлөрүнө жана сейил бактарга түстүү гүлбакчаларды жана гүлзарларды түзүүгө киришти.
Жаздын көркү болгон жоогазындардан кийин Бишкектин көчөлөрүнө жайкы боектор — петуния, тагетес, сальвия, алиссум жана башка декоративдик өсүмдүктөр келет. Быйыл 1 миллион 600 миң гүл отургузуу пландалууда.
Гүл оюмдары шаардын негизги зоналарын — Жеңиш аянтын, Ала-Тоо аянтын, Эмен сейил багын, Пушкин көчөсүн, Чүй проспектисин, Ахунбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишин, ошондой эле театралдык жана дене тарбия скверлерин көркүнө чыгарат.
Шаардыктарды жана борбордун конокторун жомоктогудай жай күтөт: түстөрдүн тополоңу, гүлдөрдүн тазалыгы жана жыпар жыты көздү кубантып, маанайды күн сайын көтөрөт.