Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы үй камагына чыкты

Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы үй камагына чыкты

Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу “Репортерго” Бишкек шаардык сотунун басма сөз катчысы Айсулуу Жаасынова билдирди.

Анын айтымында, Айбашев үй камагына 3-июнь күнү Октябрь райондук сотунун чечими менен чыккан.

Белгилей кетсек, Нурбек Айбашев 2018-жылдын 25-майында “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча шектүү катары кармалган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматты анын хан сарайын тинткени тууралуу видео да жарыялаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>