Борбордук шайлоо комиссиясы 6 саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка караганда, «Ата-Мекен», «Ишеним», «Ынтымак», «Улуттар Биримдиги», «Ата-Журт Кыргызстан», «Ыйман Нуру». «Ата Мекен» жана «Ынтымак» партияларынын бирден талапкерлери тизмеден алынып салынды.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.