Садыр Жапаров Орусиянын аймактарына өнөр жай жана IT тармагындагы долбоорлорду сунуштадыӨзбекстан Борбордук Азиянын туристтик рыногунда сап башына чыкты — изилдөөТокмокто аялын жана балдарын сабоого шектелген жаран эки айга камалдыМинистрлик жарандарды жана туристтерди «Таш-Рабат» комплексине барбай турууга чакырдыМихаил Мишустин ЕӨАК жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келдиУлуттук банк айрым банктар накталай орус рублун албай жаткан жагдай боюнча түшүндүрмө берди
Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу токтотулат
25.10.2021 | 10:27
26-октябрда борбор калаанын айрым райондорунда суу жок болорун Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
“Бишкексууканал” билдиргендей, 26-октябрда саат 9:00дөн 18:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда таза суу болбойт.
«Ала-Тоо» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүрөт. “Ала-Тоо 1” жана “Ала-Тоо 2” турак жайларында, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик объектилеринде, өнөр жай ишканаларында суу берүү токтотулат.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, мекеме-уюмдарды ичүүчү суу камдап алууну эскертет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом