Ысык-Көл: Браконьерлер бюджетке 800 миң сом зыян келтирди

Ысык-Көл: Браконьерлер бюджетке 800 миң сом зыян келтирди

Балыкчы шаарынан Сары-Камыш айылына чейинки аралыкта Ысык-Көлдөн мыйзамсыз балык кармагандарга рейд жүрүп, жалпы 1200 метр тор, 506 балык мыйзамсыз кармалды. Бул туурасында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, 264 сиг-лудога жана 242 судак балыктары кармалган. Жалпы мамлекеттик казынага 777 700 сом зыян келтиргени аныкталган.

Рейд Каракол райондук милиция менен биргеликте өткөн. Учурда чыгымдарды кайра калыбына келтирүү иштер жүрүп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>