Алтай мамлекеттик университети Алтай түрктөрүнүн эрте орто кылымдагы эстеликтеринин төртүнчү каталогун чыгардыБишкекте Мамлекеттик башкаруунун жогорку мектеби ачылатЧүй облусунда мыйзамсыз пайдаланылып келген жер тилкеси мамлекетке кайтарылдыАнтимонополия кызматы жумуртканын баасы эмнеге кымбаттап кеткенин түшүндүрдүОрозо айт: 20-мартта кыргызстандыктар эс алышатКара-Балтада уруштан кийин аял күйөөсүн бычактап, андан кийин уктап калган
Бугүнтөн тарта Россияда миграциялык статусун аныктабаган чет элдиктер өлкөдөн чыгарылат
11.09.2025 | 09:56

2025-жылдын 11-сентябрынан тарта Россия аймагында жүрүү статусун аныктабаган чет элдик жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар да өлкөдөн чыгарылат. Аларга кайра кирүүгө да тыюу салынары белгиленди.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, дипломаттар кыргызстандык жарандардын укуктарын коргоо үчүн Россия тарап менен байланышта иш жүргүзүүдө.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын сентябрынын башына карата Россиядагы көзөмөлдөгү адамдардын реестрине 85,9 миң кыргызстандык киргизилген. Ал эми жыл башынан бери реестрден 98,6 миң жаран чыгарылган.
Эске салсак, мигранттардын Россияда жүрүүсүн мыйзамдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн өнөктүк 10-сентябрда аяктады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом