Кыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелерБишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айландыАдылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктадыМамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салдыБишкек ШИИБи Сыймык Жапыкеевдин кармалышы боюнча суроого жооп берди: батирдеги ызы-чуу
Сокулукта жашылчалардын үрөнүн өндүрүү боюнча окуу-илимий борбор ачылды
11.09.2025 | 09:38

Чүйдүн Сокулук районунда жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү боюнча окуу-илимий борбору ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, борбор Түштүк Кореянын колдоосу менен Кыргыз улуттук агрардык университетинин окуу-тажрыйба чарбасынын базасында түзүлдү.
Долбоор жашылчалардын үрөндөрүнүн түшүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, өлкөнү туруктуу үрөн менен камсыз кылуу системасын түзүү, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана агрардык тармакта дуалдык билим берүүнүн деңгээлин көтөрүү максатында ишке ашкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом