Бузукулардын жүзүн ачууга убакыт келди! Жаңы баш мыйзамды сындагандарга Жапаровдун жообу

Бузукулардын жүзүн ачууга убакыт келди! Жаңы баш мыйзамды сындагандарга Жапаровдун жообу

Талкууга коюлган Конституция 2010-жылдагыдай бир кишинин же бир топтун пайдасына жазылып жаткан жери жок. Бул тууралуу президенттикке талапкер Садыр Жапаров Facebook баракчасы аркылуу жарыялаган билдирүүсүндө айткан.

Анын айтымында, 2010-жылы кабыл алынган Конституцияда баш мыйзамды өзгөртүү боюнча элдин укуктары чектелип.

“Муну менен Кыргызстандын өз алдынча эгемендүү мамлекет катары калыптанып, андан ары өнүгүп-өсүшүнө тоскоолдук жаралып калган. Буга акыркы 10 жылдагы жашоо-турмушубуз далил болду. Кыргызстанды шоопурлар, жан сакчылар жана ушул сыяктуу бир ууч адамдар башкарып келди. Алардын кесепетинен кечээ жакындагы элдик толкундоолор келип чыккандыгы жалпыга маалым. Ал эми элдин талабы эмнеде? Албетте, экономиканы көтөрүү, элдин социалдык муктаждыгын жоюу, мыйзамдуулукту орнотуу жана ошондой эле башка орчундуу маселелерди чечүү”, – деп жазылат Жапаровдун билдирүүсүндө.

Ал ошондой эле, Конституцияны өзгөртүү менен Акаевдин же Бакиевдин учурунудагы Баш мыйзамга кайтуу эмес, өлкөдөгү маанилүү маселерди чечүүгө катышуу укугун элге кайтаруу катары баалаган.

“Мындан жыйырма эле күн мурда жаңыланууга каршы болгондор “кокуй эле кокуй, жабык эшик артында Баш мыйзамды даярдап, элдин талкуусуна алып чыкпастан, кабыл алганы жатышат” деп, кыйкырып чыгышты эле. Эми Баш мыйзамдын долбоорун элдин талкуусуна алып чыкса, буга дагы каршы болуп, “мыйзам бузуулар болуп жатат” деп элибиздин башын айлантып, бут тосуп жатышат”, – деген ал.

Жапаров андан ары жалпы элди Конституциянын жаңы долборун талкуулоого чакырып, сунуштар эске алынарын айткан, бирок каршы чыккандарды сындап кеткен.

“Өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөп, кыйкырып чыгып жаткандардын жүзү курусун. Алардын 30 жылдан бери бузукулук кылып жүргөн чыныгы жүздөрүн ача турган убакыт келди”, – деген Жапаров.

Белгилей кестек, Конституциясынын жаңы долбоору 17-июлда коомдук талкууга чыгарылган. 80 депутаттын демилгечи экени жазылган  долбоордо Элдик Курултай институту түзүлөрү,  Президент өз ыйгарым укуктарын аткаруу менен бирге өкмөттү дагы жетектей турганы, ал 5 жылдан 2 мөөнөткө шайланса болору жана Жогорку Кеңештин депутаттары 90го азаяры тууралуу бир катар олуттуу өзгөрүүлөр камтылган.

Долбоор жарыялангандан кийин бир катар саясатчылар менен эксперттер жаңы долбоор диктатуранын орношуна алып барарын айтып чыгышты. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>