Быйыл 2260 га аянтка экме токой отургузуу пландалууда

22.02.2023 | 20:02

Быйыл мамлекеттик токой фондусунун жерине 2260 га аянтка экме токой отургузуу пландалууда. Бул туурасында Айыл чарба министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын жаз айларында Талас облусуна – 75 га, Чүй облусуна – 195 га, Нарын облусуна – 130 га, Ысык-Көл облусуна – 270 га, Ош облусуна – 275 га, Баткен облусуна – 655 га жана Жалал-Абад облусуна – 660 га аянтка экме токойлор отургузулат.

Экме токой отургузуу, мурунку жылдардын экме токойлорун толуктоо жана жашылдандыруу иштерине жалпы 5 млн. 927 миң даана стандарттык көчөт материалдары өстүрүлүп, анын ичинен 3 млн. 832 миң даанасы себилме жана 2 млн. 95 миң даанасы эгилме көчөт материалдары.

Талас облусуна – 204,7 миң даана, Чүй облусуна – 417,5 мин даана, Нарын облусуна – 510,8 миң даана, Ысык-Көл облусуна – 827,5 миң даана, Ош облусуна – 539,3 миң даана, Баткен облусуна – 375,5 миң даана, Жалал-Абад облусуна – 3 млн. 51 миң даана стандарттык көчөт материалдары өстүрүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top