Бишкектеги ок атышуу: Шектүүлөрдү издөө иштери уланууда (видео)

Бишкектеги ок атышуу: Шектүүлөрдү издөө иштери уланууда (видео)

Бишкекте былтыр август айында болгон ок атышуу менен коштолгон окуяга катышкан үч адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, ал күнү кафеге кудалашууга келген, кыз менен жигиттин туугандары ортосунда чыр чыккан. Алар мурда бири-бирин таанып, ортодо пикир келишпестиги бар болгон. Алардын чыры кафеде башталып, шаардагы көчөлөрдүн биринде уланган.

Чыр учурунда катышуучулардын бири агасына болушуп, тапанча менен асманга ок аткан. Бирок натыйжада анын өзүн унаа менен сүзүп, октон жарадар кылышкан. Ал шаардагы ооруканалардын биринин жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Андан кийин ага мыйзамсыз курал алып жүрүү фактысы боюнча иш козголуп, иш сотко өткөн. Быйыл 13-февралда ага сот өкүмү чыгып, айыпталуучуга 150 миң сом айып пул салынды.

Ошол эле учурда, аталган жаранды жарадар кылып, окуяга катышкан үч адам — Николай Степанов, Лев Степанов жана Геннадий Каландаров издөөгө алынган.

Бишкек шаардык милициясы издөөгө алынган шектүүлөрдүн жүргөн жерин аныктап, табуу боюнча ыкчам иштер уланып жатканын билдирип, аларды көргөн-билгендер болсо, 0312 43-75-68, 102, 0312 48-64-47, 0552-102-906 же 0554-102-147 номерлерине кабар берүүсүн суранат.

Видео: Бишкекте кудалардын урушу ок атыш менен аяктады. Соттун өкүмү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>