Бишкекте Ысык-Көл борбор катары көрсөтүлгөн орто кылымдагы карта орнотулатКүн ачык болот: 22-февралдын аба ырайыСадыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантатАйыл чарбасына жасалма интеллектти киргизүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн алдыга озуп чыгуусун камсыздайт21-февраль: Көпчүлүк аймактарга жаан, кар жаайт
Быйыл 6 айда жол кырсыктан 37 бала каза болгон
05.08.2022 | 15:06
Быйылкы жылдын 6 айында жол кырсыктардан 37 бала каза болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, быйыл 6 айда Кыргызстанда жалпы 3 миң жол кырсыгы катталган. Ал өткөн жылга караганда 11%га аз. Жол кырсыктарынны көбү Бишкек шаарында (44%), Чүй (20%га жакыны) жана Ош (9%га жакыны) облустарында болгон.
Жол кырсыктарында 4 миң 629 адам жабыркап (2021-жылга караганда 8,7%га аз), 248 киши каза болгон (24,6%га аз).
Ошол эле учурда балдардын катышуусунда 802 жол кырсыгы катталып, ал былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик азайган эмес. Жол кырсыктарынан 37 бала каза болуп, 929у жаракат алган.
Өлкө боюнча 185 жол кырсыкта айдоочулар мас болуп чыккан (2021-жылга караганда 7,5%га аз).
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом