Жапаров: 40 райондо иштеп жаткан судьялар жаңы үйлөргө кирет

Жапаров: 40 райондо иштеп жаткан судьялар жаңы үйлөргө кирет

Жылдын аягына чейин 40 райондо иштеп жаткан судьялар жаңы үйлөргө кирет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-августта Жогорку Сотуна барып, судьялар менен жолугушуусунда билдирди.

Өлкө башчы учурда өлкөнүн 40 облусунда 300дөн ашык турак жай курулуп жатканын, бул үйлөрдү курууга пайдубал түптөлүп бүткөнүн белгиледи.

«Кудай буйруса жылдын аягына чейин 40 райондо иштеп жаткан судьялар жаңы үйлөргө кирет. Төрагалары гана эмес, иштеп жаткан судьяларга чейин үй менен камсыз болот», — деди ал.

Президент судьялардын ишинин деңгээлин көтөрүү максатында август айынан тарта айлык акылары көтөрүлөрүн дагы бир ирет белгиледи.

Андан тышкары сот аткаруучулар менен сот приставдар үчүн кызматтык автоунаа менен камсыздоону чечүү маселеси каралып жатат.

«Бул багытта мамлекеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша мындан башка көптөгөн иштер аткарылып, колдоо көрсөтүлүп турат», — деди ал.

«Сот реформасындагы негизги жана эң маанилүү кадам бул – судьялардын кынтыксыз иштешин, сот тутумунун ишмердүүлүгүнүн жогорку сапатын камсыз кылуу менен элдин үмүт-тилегин актоо деп эсептейм. Ошондуктан Жогорку Соттун жетекчилигине сот системасында түзүлгөн жагымсыз кырдаалды жөнгө салуу; судьялар менен байланышкан терс көрүнүштөрдү жоюп, элдин ишенимине ээ болуу; жалпы системаны туңгуюктан чыгарып, алдыга жылдыруу жана судьялардын көз карандысыздыгын бекемдөө милдеттери жүктөлгөн», — деп билдирди Садыр Жапаров.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>