Быйыл 8 айда Кыргызстан алты өлкөдөн 369 млн 38,4 миң сомго 1 миң 635,8 тонна балмуздак импорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика агенттигинин маалыматына таянып «Акчабар» каржы порталы жазды.
Балмуздак эң көп Казакстандан сатып алынган. Коңшу мамлекеттен 288 млн 201,2 миң сомго 1 миң 270 тонна балмуздак импорттолгон.
Кыргызстан балмуздак сатып алган өлкөлөр:
- Казакстан — 288 млн 201,2 миң сомго 1 миң 270 тонна,
- Россия — 44 млн 224,5 миң сомго 189 тонна,
- Түркия — 22 млн 56,5 миң сомго 38,5 мин тонна
- Өзбекстан — 6 млн 910 миң сомго 99,3 тонна,
- Литва – 3 млн 882,4 миң сомго 6,8 тонна
- Беларус – 3 млн 763,9 мин сомго 32,5 тонна
Биздин Телеграм каналга катталыңыз