Кыргыз журналистикасына 99 жыл. Алгачкы гезит Ташкентте жарык көргөн

Кыргыз журналистикасына 99 жыл. Алгачкы гезит Ташкентте жарык көргөн

Бүгүн, 7-ноябрь —  Басма сөз жана маалымат күнү. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын, полиграфия өнөр жайынын, радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы болуп саналат.

Бул датага байланыштуу бир нече фактылар:

— 1924-жылы бул күнү биринчи жолу «Эркин Тоо» улуттук гезитинин кыргыз тилинде биринчи саны жарык көргөн. Биринчи саны Ташкентте, араб тамгасы менен басылып чыккан;

— «Эркин Тоо» гезитинин биринчи редактору Осмонкул Алиев 1938-жылы репрессия кабылып, атууга кеткен;

— 7-ноябрь басма сөз күнү катары 1993-жылдан бери белгиленүүдө;

— “Эркин тоо” гезити 1927-жылы «Кызыл Кыргызстан» деп аталып, 1965-жылы «Советтик Кыргызстан», 1991-жылы эгемендик алгандан кийин гезитттин аталышы «Кыргыз Туусу» болуп өзгөргөн;

— Орус тилиндеги гезит 1925-жылы негизделип, биринчи саны «Батрацкая Правда» деген ат менен жарык көргөн. Андан кийин «Крестьянский путь », 1927-жылдан «Советтик Кыргызстан» деп өзгөрөт. Ал эми 1991-жылдын февраль айынан бери гезит «Слово Кыргызстана» деп аталып келет;

— Жалпыга маалымдоо каражаттарынын саны акыркы беш жылда 12 пайызга өсүп, 1,9 миң каттоодон өттү;

— 1925-жылы Пишпек шаарынын басмаканасында 8 аталыштагы китеп басылып чыккан;

— 2022-жылы жалпы тиражы 1 миллион 367 миң нуска менен 1 миң 581 аталыштагы китептер басылып чыкты, алардын болжол менен 53 пайызы кыргыз тилинде басылып чыккан;

— өлкөдө 158 көзкарандысыз телерадиокомпания иш жүргүзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>