Бишкекте мурда соттолгон жаран уурулукка шектелип кармалды

Бишкекте мурда соттолгон жаран уурулукка шектелип кармалды

Бишкекте уурулук жасоого шектелип мурда соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 5-ноябрда милицияга М.А. аттуу аял киши кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 13:30да белгисиз адам Ош базарынын аймагынан курткасынын чөнтөгүнөн 14,5 миң сомдук телефонун уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары мурда уурулук боюнча бир нече жолу соттолгон 36 жаштагы Т.Ж. аттуу жаран кармалган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милициядан билдиришкендей, тергөө амалдары учурунда шектүү аларга ыктыярдуу түрдө уурдалган телефонду өткөрүп берген.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>