Быйыл Кыргызстандын Европа өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү бир топ кыскарды

Быйыл Кыргызстандын Европа өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү бир топ кыскарды

Быйыл, 2025-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстандын Европа өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 65 пайызга кыскарган.

Улуттук статистикалык комитеттин сайтында айтылгандай, быйылкы жылдын январь-февраль айында ал 142 млн долларды түзүп, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 65 пайызга аз, былтыркы жылдын 2 айында соода жүгүртүү 234 миллион долларды түзгөн.

Ошондой эле, Кыргызстандан Европага товарлардын экспорту 2025-жылдын январь-февраль айларында 50 пайызга кыскарып, 37,8 миллион долларды түзгөн.

Европа өлкөлөрүнөн Кыргыз Республикасына товарлардын импорту 65,6 пайызга кыскарып, 104,2 млн долларды түздү.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү акыркы үч жылда 2,4 эсеге өскөндүгү айтылган.

«2021-жылдан 2024-жылга чейин Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 2,4 эсеге, импорт 2,6 эсеге, экспорт 1,5 эсеге өстү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>