Бишкектин бир районунда 20-ноябрда суу убактылуу өчүрүлөтКыргызстанда айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу процесси жөнөкөйлөштүБишкекте милиционерге кол салган адам кармалдыЖыл башынан бери ИДПнын көлөмү 1 трлн 427,3 млрд сомду түздүАюу, түлкү, илбирс: Кыргызстандагы жапайы жаныбарлардын сүрөтү жарыяландыСадыр Жапаров Ташкентте бирдиктүү «Санариптик транзиттик коридор» платформасын түзүүнү сунуштады
Быйыл Орозо айы качан башталат?
14.02.2023 | 14:22
Кыргызстанда быйыл Орозо айы 23-мартта башталышы мүмкүн.
Азырынча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы так датасын айта элек. Анткени орозо ай жаңыргандан тарта башталат.
Ал эми Сауд Арабиянын бийлиги Рамазан айынын так күнүн атады. Ага ылайык, орозо 23-мартта башталып, Айт 21 же 22-апрелге туш келет.
Мындан тышкары, Казакстандын, Өзбекстандын муфтияты дагы Орозо айы 23-мартта күн батканда башталып, 21-апрелде аяктарын жарыялады.
Орозо (Рамазан) айы мусулмандар үчүн ыйык деп эсептелип, ислам дининин беш негиздеринин бири болуп саналат. Күн чыккандан күн батканга чейин орозо кармагандар оозуна наар албайт, суу да ичпейт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом