Кемпир-Абад иши: Перизат Суранова ооруканага жаткырылды

Кемпир-Абад иши: Перизат Суранова ооруканага жаткырылды

Кемпир-Абад иши боюнча №1 тергөө абагында камакта отурган активист Перизант Суранова ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал Чүй облустук ооруканага пландык операцияга бүгүн, 14-февралда жаткырылган.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

13-декабрда да сот болуп, аларды 20-февралга чейин абакта калтырды.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Кемпир-Абад иши: Мамбетжунус Абылов ооруканага жаткырылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>