Алмазбек Атамбаевге чет өлкөгө дарыланууга чыгууга уруксат берилди

Алмазбек Атамбаевге чет өлкөгө дарыланууга чыгууга уруксат берилди

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чет өлкөдө дарылануу үчүн өлкөдөн чыгууга уруксат берилди. Мындай чечимди бүгүн, 14-февралда Биринчи май райондук соту кабыл алган.

Тиешелүү токтомго төрага сот А.Калыбаев кол койгон.

Эскерте кетсек, былтыр август айында Атамбаевдин жактоочулары Жазаларды аткаруу кызматына кайрылып, дарылануу үчүн Атамбаевди Москвага жөнөтүүгө уруксат берүүнү суранган. Анда ал өтүнүч канааттандырылган эмес.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иши боюнча өкүмдөр жокко чыгарылып, кайра кароого жөнөтүлгөнү белгилүү болгон.

Иш Биринчи май райондук сотунда кайра каралат.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы абактан чыккан. Ал учурда Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын президенти болуп турган.

2019-жылы Жогорку Кеңеште Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алуу үчүн ага каршы айып коюу маселеси боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия Атамбаев бир нече ишке тиешеси болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген, алардын ичинде Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш да бар. Андан соң Атамбаев экс-президент макамынан ажыратылган.

Бул иш боюнча Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган.

Батукаевдин бошотулушу: Алмазбек Атамбаевдин иши кайра каралат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>