ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Былтыр Кыргызстанда өстүрүлгөн балыктын жарымы экспорттолду
16.03.2022 | 11:25
Кыргызстан былтыр республикада өстүрүлгөн балыктын жарымын экспорттогон. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Айыл чарба министрлигинин алдындагы балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов билдирди.
«Өткөн жылы 10 миң 344 тонна балык өндүрүлгөн. Анын 5 миң 139 тоннасы Орусия, Казакстан жана башка мамлекеттерге экспорттолду», – деди ал.
Адистин айтымында, өткөн жылы республиканын суу сактагычтарына 17 миллион 600 миң өстүрүлгөн жашы жете элек балыктын балдары коё берилген. Ал ошондой эле балык тармагынын өнүгүүсү байкалып жатканын белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика