Айрымдар диний экстемисттик уюмдан баш тартты (ВИДЕО)

Айрымдар диний экстемисттик уюмдан баш тартты (ВИДЕО)

Эл аралык террористтик жана диний экстремисттик уюмдарга тиешеси бар үчүн соттолгондордун арасында профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Алдын алуу иш-чараларынын жыйынтыгында, соттолгон У.А.А. жана О.Ы.О. кыргыз жарандарына алардын диний көз караштарынын туура эместиги жана Борбор Азиядагы, ошондой эле Кыргызстандын аймагында кырдаалды туруксуздаштыруу боюнча чараларды көрүп жаткан диний-экстремисттик уюмдардын, анын ичинде “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун жана ЭТУнун ишмердүүлүгүнө жол берилбестиги жөнүндө кайрылуу жасашты.

Ошону менен бирге, соттолгон У.А.А. жана О.Ы.О. жасаган иштерине өкүнүп, мындан ары мыйзамсыз иш-аракеттерге жол бербөө ниетин билдиришип, Кыргыз Республикасынын жарандарын ЭТУ/ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырышты.

УКМК тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча тынымсыз иштерди улантууда.

УКМК тарабынан диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишин аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюунун алкагында, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемелеринде Эл аралык террордук жана диний экстремисттик уюмдардын (ЭТУ/ДЭУ) колдоочуларынын санын азайтуу максатында, ошондой эле салттуу эмес исламдын өкүлдөрүнө жана катардагы соттолгондорго профилактикалык таасир берүү үчүн КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери менен биргеликте ЭТУ/ДЭУга тиешеси бар үчүн соттолгондордун “салафизмдин” “такфиристтик-жихадисттик” агымынын радикалдуу көз караштарынан эл алдында баш тартууга багытталган алдын алуу иш-чаралар өткөрүлдү.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>