Түлөбаев: Азык-түлүктүн баасын жасалма көтөргөндөр менен УКМК күрөшсүн

Түлөбаев: Азык-түлүктүн баасын жасалма көтөргөндөр менен УКМК күрөшсүн

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев эл кыйналып турган маалда азык-түлүктү жасалма көтөрүп, ортодон пайда тапкандар менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети күрөшү керектигин айтып, анын жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылды.

Айрым азык-түлүктөргө бааларды көтөргөн ортомчулдар пайда көрүп кетти. Алар баарын сатып-сатып жиберишти, пандемия маалындагыдай…  Базарда болуп жаткан абалды дароо басып, баасын жасалма көтөргөндөрдү жазага алыш керек болчу. Мындай кырдаалды мен пандемияда көргөм, Токмокто башка жактарда шекер, майлар жыйылып турат деген маалыматтар келип жаткан. Ушул маалда да ортомчулдар пайдага туйтунуп кетти. Камчыбек Кыдыршаевичке кайрылып кетет элем, мындай кыйчалыш маалда акча, пайда табам дегендерге жазасын бериш керек” – деди.

Ал ортодо Экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров Монополияны жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси күн сайын базарларда жүргөнүн айтты.

Ал эми депутат Балбаков болсо, “Монополияны жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси эч нерсе кыла албайт. УКМК менен милиция кызматкерлери кошо жүрүшү керек. Ошондо гана ортомчулдар коркот. Мына бул жерде Ош шаарынын мурдагы мэри депутат болуп отурат. Биз экөөбүз ошентип, ортомчулдарды басканбыз. Ортомчулдарда намыс да жок, ар да жок, акмак болот алар”- деп маселени кабыргасынан койду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>