CASA-1000 долбоору: Кайсы иштер аткарылды?
Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ электр чубалгысын жана «Датка» 500 кВ көмөк чордонун куруу иштери уланууда. Бул тууралуу “Улуттук электр тармактары” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда 1 миң 243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу (100%), тирөөчтүн чуңкурларын казуу (100%), тирөөчтөрдү арматуралоо жана бетондоо (100%) иштери аяктады. Азыркы тапта тирөөчтөрдү орнотуу иштери жүрүүдө. Бүгүнкү күнгө карата 1 миң 236 тирөөч (99%) орнотулуп, 265,78 чакырым (58%) зымдар тартылды.
«Датка» көмөк чордонунда негизги курулуш-монтаждоо иштери ийгиликтүү аяктады. Тактап айтканда, нейтралдуу, май куюучу жана өрт тосмолуу комплектиси менен 500 кВ шунттоочу реактор аксессуарлары, 3 комплектиден турган 500 кВ автоматтык өчүргүчтөр, 500 кВ ток трансформаторлорунан 3 комплекти, 500 кВ 6 даана чагылгандан коргогучтар жана башка жабдуулар орнотулду. Жалпы узундугу 475 метрден ашык кабелдер тартылды”, – деп айтылат маалыматта.
Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбор Азия менен Түштүк Азиянын – Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталган жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.
[image_carousel source=”media: 195223,195229,195228,195227,195226,195225,195224″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз