Кыргызстанда «Оскар» сыйлыгына арыз кабыл алуу башталды

Кыргызстанда «Оскар» сыйлыгына арыз кабыл алуу башталды

Кыргызстандын «Оскар» комитети тасмаларын Американын кинематография искусствосу жана илим академиясынын «Оскар» сыйлыгына көрсөтүүнү каалаган режиссёрлордун арыздарын кабыл ала баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын «Оскар» комитетинин координатору Таалайбек Кулмендеев билдирди.

Тандалып алынган тасма Кыргызстандын атынан «Оскар» сыйлыгына «Эл аралык толук метраждуу мыкты тасма» (International Feature Film) категориясы боюнча көрсөтүлөт.

Кыргызстандын атынан көрсөтүлө турган тасмага коюлган талаптар:

1. Толук метраждуу көркөм, даректүү же анимациялык тасма болушу шарт (40 мүнөттөн кем эмес);

2. Кинотеатрларга 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейин чыккан тасма болушу керек.

Тандап алуу убактысы:

— 1-августтан 15-августка чейин – катышуу тууралуу арыздарды кабыл алуу (shaboto@mail.ru);

— 19-20-август – тандалып алынган тасмалардын комитет тарабынан каралуусу;

— 22-август – комитеттин отуруму жана сыйлыкка көрсөтүлүүчү тасманы расмий жарыялоо;

«Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи 2024-жылдын 10-мартында Лос-Анжелестеги «Долби» театрында өтөт.

Маалымат алуу үчүн: +996 (702) 477 724

Кыргызстандын «Оскар» комитетинин координатору Таалайбек Кулмендеев

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>