CASA-1000 долбоору: Кайсы иштер аткарылды?

CASA-1000 долбоору: Кайсы иштер аткарылды?

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ электр чубалгысын жана «Датка» 500 кВ көмөк чордонун куруу иштери уланууда. Бул тууралуу «Улуттук электр тармактары» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда 1 миң 243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу (100%), тирөөчтүн чуңкурларын казуу (100%), тирөөчтөрдү арматуралоо жана бетондоо (100%) иштери аяктады. Азыркы тапта тирөөчтөрдү орнотуу иштери жүрүүдө. Бүгүнкү күнгө карата 1 миң 236 тирөөч (99%) орнотулуп, 265,78 чакырым (58%) зымдар тартылды.

«Датка» көмөк чордонунда негизги курулуш-монтаждоо иштери ийгиликтүү аяктады. Тактап айтканда, нейтралдуу, май куюучу жана өрт тосмолуу комплектиси менен 500 кВ шунттоочу реактор аксессуарлары, 3 комплектиден турган 500 кВ автоматтык өчүргүчтөр, 500 кВ ток трансформаторлорунан 3 комплекти, 500 кВ 6 даана чагылгандан коргогучтар жана башка жабдуулар орнотулду. Жалпы узундугу 475 метрден ашык кабелдер тартылды», — деп айтылат маалыматта.

Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбор Азия менен Түштүк Азиянын — Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталган жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>