Чүйдө аялын тирүүлөй көмүп салган киши кармалды

Чүйдө аялын тирүүлөй көмүп салган киши кармалды

Чүй облусунун Панфилов районунда аялын тирүүлөй көмүп салган 35 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу облусутук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-апрелде Панфилов райондук милиция бөлүмүнө 24 жаштагы тургун кошунасы аялын көмүп салганын билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 35 жаштагы киши мас абалында үйүнө келип, 33 жаштагы аялын кызганычтан улам сабап, андан кийин үйдүн артына алып барып аңга түртүп, белине чейин көмүп салган. Бул окуяны көргөн кошуналары жардам чакырып, аялды бошотушкан.

Сурак учурунда күйөөсү кылган ишин моюнуна алып, кызганычтын айынан аялын ушундай жол менен коркуткусу келгенин айткан. Бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланып жатканы кабарланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>