Чүйдө эки велоспортчуну сүзүп өлтүргөн мас айдоочуга сот өкүмү чыкты

Чүйдө эки велоспортчуну сүзүп өлтүргөн мас айдоочуга сот өкүмү чыкты

«Манас» аэропортунан Бишкек шаарына келе жаткан унаа жолдо эки велосипедчен адамды сүзүп кеткен айдоочу сегиз жылга эркинен ажыратылды. Бул туурасында Чүй облустук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык,  өкүмдү кечээ,9-сентябрда, Сокулук райондук соту чыгарган.

«Айдоочу күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Сот өкүмүнө ылайык, айыпталуучу кырсыктан каза болгон Евгений Требунскийдин үй-бүлөсүнө 286 миң сом кенемте жана 300 миң сом моралдык чыгым төлөп берүүгө милдеттендирилди. Ал эми Илья Сидоровдун жакындарына 194 миң сом кенемте жана 300 миң сом моралдык чыгым бериши шарт», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 30-июнда «Манас» аэропортунан Бишкек шаарына келе жаткан жолдо мас абалындагы айдоочу унаасы менен эки  велосипедчен адамды сүзүп кеткен. Алардын бири окуя болгон жерде каза болсо, экинчиси ооруканага жетпей жолдо каза болгон.

Кийин алардын велоспорт боюнча мурдагы профессионал спортчулар. Бири СССРдин спорт чебери 46 жаштагы Илья Сидоров, экинчиси Кыргызстандын спорт чебери 44 жаштагы Евгений Требунский экендиги маалымдалган.    

Тэги: өкүм сот

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>