Бүгүн, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Ага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, облус башчысы Абдикарим Алимбаев жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышууда.
Жолугушуу Кыргызстан, Өзбекстан, Таджикистан мамлекеттери чектешкен аймакта орун алууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз