Чек ара чырында жабыркаган аскерлер менен дарыгерлер сыйланды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы чыр-чатактын жүрүшүндө жапа чеккен аскер кызматкерлери менен аларга жардам көрсөткөн дарыгерлерди сыйлады. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
«Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарына 100 жыл» юбилейлик медалы менен
-полковник Таштанов Акимжан Миталович, 99718 аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары;
– полковник Аманбаев Чынарбек Аруунович, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Учуу коопсуздугу боюнча инспекциясынын башчысы;
– капитан ЖУНУСОВ Нурсултан Шарабидинович, 23565 аскер бөлүгүнүн авиациялык транспорт эскадрильясынын командири;
– Деркембаева Жылдыз Садыбакасовна, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин №1 анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы;
– Маанаев Токтобай Исраилович, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын башкы дарыгери.
«Кызматташтык үчүн» төш белгиси менен
-капитан Бейшенов Эсенбек Женишбекович, 23565 аскер бөлүгүнүн АН-26 даражасындагы авиациялык транспорттук эскадрильясынын улук борт техник-инструктору;
-капитан Абдылдаев Мелисбек Ишенбекович, 23565 аскер бөлүгүнүн АН-26 даражасындагы авиациялык транспорттук эскадрильясынын борт техник-инструктору;
-улук лейтенант Урамов Дастанбек Эркинбекович, 23565 аскер бөлүгүнүн АН-26 даражасындагы авиациялык транспорттук эскадрильясынын кораблинин командиринин жардамчысы;
-улук лейтенант Нургазиев Нуржигит Нургазиевич, 23565 аскер бөлүгүнүн медициналык кызматынын башчысы;
– прапорщик Талантбеков Ырыскелди Талантбекович, 23565 аскер бөлүгүнүн АН-26 даражасындагы авиациялык транспорттук эскадрильясынын радиооператор-инструктору;
– Кабулова Гүлбара Сапаралиевна, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын №1 анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн дарыгери;
– Тентимишев Алмаз Эсенканович, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын көкүрөк хирургиясы бөлүмүнүн дарыгери;
– Кыдырбаев Алмаз Кудайбергенович, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын тамыр хирургиясы бөлүмүнүн дарыгери;
– Апсатаров Ислам Икрамович, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын тамыр хирургиясы бөлүмүнүн дарыгери;
– Ажибеков Суйун Жалилович, КР Саламаттык сактоо министрлигинин хирургиялык гастроэнтерология жана эндокринология кафедрасынын доктору;
– Мамышова Алмаз Жумабекович, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын ириңдүү хирургия бөлүмүнүн дарыгери;
– Муратов Дөлөс Муратович, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын №2 нейротравматология бөлүмүнүн врачы;
– Каныбеков Марат Каныбекович, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын тез жардам бөлүмүнүн дарыгери;
– Жаныкулов Кудайберди Райымбердиевич, Баткен облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы;
– Сооров Таалайбек Узакбаевич, Баткен областтык бириккен ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн хирургу;
– Хухейнов Рустам Юсуфович, Баткен облустук бириккен ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы;
– Сатыбалдиев Сапарбай Маматкасымович, Баткен облустук бириккен ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн анестезиолог-реаниматологу;
– Бакиров Бакытбек Асанович, Баткен облустук бириккен ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн анестезиолог-реаниматологу сыйланды.
[image_carousel source=”media: 138862,138863,138864,138865,138866,138867,138868,138869,138870″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]