Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Депутат: “Ак-Кеме” мейманканасын атайылап банкрот кылышууда
09.06.2022 | 12:58
“Ак-Кеме” мейманканасын атайылап банкрот кылышууда. Бул тууралуу депутат Эрулан Кокулов Жогорку Кеңештин 9-июндагы жыйынында билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, мейманкананын 2021-жылдагы кирешеси 300 миң сомду түзгөн. Ушундай эле сумманы имараттын жанында жайгашкан 20 чарчы метрлик кафе жылдык ижарага төлөйт.
“Кантип эле аймагы чоң, бассейни бар, кафеси да бар мейманкананы банкрот кылып жатышат. Эмне үчүн кичинекей кафе чоң мейманканадан пайдалуураак? Мага лифт жок деп айтышты. Бир лифттин баасы 28,2 миң доллар болорун билдим. Керек болсо бул жерди кеңсе кылып койсо болот“, – деди Кокулов.
Депутат мейманкананын эски жетекчилигине карата кылмыш иши бар экенин, анын аягы эмне менен аяктаганы белгисиз деп кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат